Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июль, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 11:42

ТАСС: Москвада кыргыз-тажик жарандары мушташты


Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын ТАСС агенттиги 18-майда кечинде Москвада кыргыз-тажик жарандары мушташканын жазды. Калайман уруш 18-майдын кечинде Москва шаарынын түштүк-батышындагы кафелердин биринде болгон. Бул тууралуу Москванын шаардык милициясы кабарлаган.

ТАСС күч органдарындагы ишенимдүү булактарына таянып, мушташка эки өлкөнүн 15 чакты жараны катышканын кабарлады. Ага ылайык, ооруканага алты адам түшкөн. Милиция териштирүү ишин жүргүзүү үчүн тогуз адамды кармап кеткен. Алардын экөө миграциялык мыйзамды бузганы үчүн административдик, жетөө майда бейбаштык менен жазага тартылды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG