Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:00

Блинкен менен Лавров эки тараптуу мамилелерди талкуулады


Энтони Блинкен жана Сергей Лавров. Исландия, 19-май 2021-жыл
Энтони Блинкен жана Сергей Лавров. Исландия, 19-май 2021-жыл

Рейкьявикте АКШ жана Орусиянын башкы дипломаттары жолугушту. Шаршембинин кечинде өткөн сүйлөшүүлөрдө Энтони Блинкен менен Сергей Лавров бир катар маселелерди, анын ичинде америкалык президент Жо Байдендин эки лидердин саммитин өткөрүү сунушун талкуулашты.

Лавров жолугушуу “конструктивдүү” болгонун белгилеп, президенттердин сүйлөшүүлөрү эки өлкөнүн мамилелерин жакшыртууга жол ачат деген үмүтүн ортого салды.

Мамлекеттик департаменттин өкүлү билдиргенине караганда, Блинкен орус абактарында отурган америкалык эки жаранды бошотууга басым жасады жана орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын саламаттыгына, “Эркин Европа/Азаттык” корпорациясына, “Америка добушу” радиосуна жасалган мамилеге тынчсызданганын айтты.

Жетекчилер тараптар орток кызыкчылыктардын үстүнөн биргелешип аракеттенүүгө тийиш деп белгилешти.

Кездешүү эки державанын мамилелери “кансыз доорундагы” абалга кайтышы мүмкүн деген коркунуч жаралган кыйын маалга туш келди.

Вашингтон менен Москва ортосунда Навальныйдын камалышы, орус аскерлеринин Украина менен чек арага тартылышы, орусиялык делген хакерлердин америкалык куурга киберчабуулга байланыштуу пикир келишпестиктер пайда болгон. Орусия ал чабуулга тиешеси жоктугун айтып, ички иштерине, анын ичинде Навальныйдын өкүмүнө кийлигишип жатат деп АКШны айыптаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG