Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июль, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 13:25

АКШ "Түндүк агым-2" газ куурунун орусиялык операторуна санкция салбайт


Кошмо Штаттар "Түндүк агым-2" газ куурунун операторуна санкция салуудан баш тартканын билдирди. Бул тууралуу мамлекеттик катчы Энтони Блинкен Конгресске жолдогон катта айтылат. Ага ылайык, санкция колдонбоо чечими Американын “улуттук кызыкчылыгына” төп келет. Ошол эле маалда Вашингтон орус газын Европага Украинаны кыйгап өткөн жолдор аркылуу ташыган куурдун жаткырылышына каршы позициясында кала берүүдө. Андыктан курулушка катышкан 4 кемеге жана 3 компанияга санкция салууда.

Сөз болгон оператор - "Nord Stream 2 AG" орусиялык мамлекеттик “Газпром” компаниясынын курамына кирет.

Санкция салбоо чечимин айрым байкоочулар Жо Байдендин администрациясынын Германияга достук ишараты катары баалашат.

Бирок бул кадам Конгрессте сынга кабылды. Мыйзам чыгаруучулардын көбү "Түндүк агым-2" долбоору Европанын энергетикалык коопсуздугуна коркунуч жаратарын айтышат.

Европалык бир катар лидерлер да куур Орусиянын ресурстарынан көз карандуулукту күчөтөт деген пикирин билдирип келишет. Ал эми расмий Берлин Мамдептин чечимин кубаттады.

Москва болсо куурду саясаттан тыш экономикалык долбоор деп атап жүрөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG