Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:39

Былтыр дүйнөдө 40 жарым миллион киши ички качкынга айланган


Ооганстандагы ички качкындар. Ноябрь, 2018-жыл (иллюстрациялык сүрөт)
Ооганстандагы ички качкындар. Ноябрь, 2018-жыл (иллюстрациялык сүрөт)

Өлкө ичинде жер которууга аргасыз болгон адамдардын саны дүйнөдө рекорддук санга жетти. Бул тууралуу бул маселеге көз салган Норвегиянын Качкындар кеңешинин жаңы докладында айтылат.

Баяндаманын авторлору белгилешкендей, COVID-19 пандемиясынан улам көрүлүп жаткан катаң чектөөлөргө карабай, куралдуу жаңжалдардан, жаратылыш кырсыктарынан качып там-ташын таштап, коопсуз жерлерге ооп кеткен адамдар азайган жок. Ар бир секундада бир киши өлкө ичинде жер которууга аргасыз болгон.

Былтыр ички качкындардын катарын дагы 40 жарым миллион киши толуктап, 10 жылдан берки эң жогору көрсөткүч болуп калды. Алардын 75 процентин жаратылыш кырсыктарынан, өзгөчө аба ырайынын катаң шарттарынан улам жер которууга мажбур болгондор түзөт. 10 миллиондой киши чыр-чатактардан, зомбулуктардан качкан.

Өлкө ичинде жер которгон адамдардын жалпы саны 55 миллионго жетти.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG