Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:52

Роухани дүйнөлүк державалар менен келишимге жалпы жонунан жетишилгенин билдирди


Дипломаттардын сүйлөшүүлөрү өткөн мейманкана. Вена, май 2021-жыл
Дипломаттардын сүйлөшүүлөрү өткөн мейманкана. Вена, май 2021-жыл

Ирандын президенти Хасан Роухани 2015-жылкы ядролук макулдашууну калыбына келтирүү боюнча сүйлөшүүлөрдө анын өлкөсүнө салынган санкциярды алуу келишимине жалпы жонунан жетишилгенин, бирок кээ бир татаал маселелер чечиле электигин билдирди.

Иран менен Кошмо Штаттар апрелден бери Венада тикелей эмес сүйлөшүү жүргүзүп келатышат. Мындан үч жыл мурун АКШнын ошол кездеги президенти Дональд Трамп эл аралык келишимден чыгып, артынан Иранга каршы санкциялар калыбына келтирилген.

Ошондон кийин Тегеран ядролук программасына киргизилген чектөөлөрдү буза баштаган. Батыш өлкөлөрү Ислам жумурияты бомба жасоону көздөгөнүн айтса, Иран бийлиги программасы тынчтык максаттарына гана багытталганын билдирип, айыптоолорду четке кагууда

Австриянын башкалаасында 2015-жылкы документке кол койгон Орусия, Кытай, Германия, Франция, Британия жана Иран дипломаттары катышкан жолугушуудан кийин европалык өкүлдөр “келишимдин контурлары чийиле баштады, бирок ийгиликтүү аяктайт деген кепилдикти эч ким бере албайт” деп айтышты.

"Синхуа" кабар агенттиги кытайлык дипломат Ванг Кундун “максатка жетүүгө дагы далай бар” деген сөздөрүн келтирет.

Сүйлөшүүлөр эмки жумада уланмай болду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG