Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:31

АКШ  менен Түштүк Кореянын президенттери жолугушту


АКШ. Ак үйдө президенттер Жо Байден менен Мун Чжэ Индин жолугушуусу.
АКШ. Ак үйдө президенттер Жо Байден менен Мун Чжэ Индин жолугушуусу.

Өткөн жума күнү Ак үйдө президент Жо Байден менен президент Мун Чжэ Индин жолугушуусунда Кытайдын аскердик кубаттуулугу жана Түндүк Кореянын өзөктүк арсеналы тууралуу маселелер талкууланды.

AFP агенттиги Вашингтон биринчи кезекте АКШнын мурдагы жетекчилигинин учурунда солгундай түшкөн союздаштык мамилелерди калыбына келтирүүгө басым жасап жатканын жазды.

Жо Байден АКШнын Түндүк Корея боюнча атайын чабарманы дайындалганын жарыялады. Бул кызматка АКШнын мамлекеттик катчысынын Чыгыш Азия жана Тынч океан боюнча жардамчысы, дипломат Сун Ким келди. Ким мурда АКШнын Түштүк Кореядагы, Филиппиндеги жана Индонезиядагы ыйгарым укуктуу элчиси болуп иштеген.

Байдендин сөзүнө караганда, Корей жарым аралын өзөктүк куралдан тазалоо татаал тапшырмалардын бири бойдон кала берүүдө. Байден маселени чечүү жагы алдын ала макулдашылса, Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен жолугууга даяр экенин айтты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG