Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:33

Хоккайдодо жапониялык балыкчылар чөгүп кетти


Хоккайдонун жээги. Иллюстарциялык сүрөт
Хоккайдонун жээги. Иллюстарциялык сүрөт

Охотск деңизинде Орусия жана Жапониянын кемелери сүзүшкөндө жапониялык үч балыкчы каза тапты. Хоккайдо аралынын жээгинде болгон окуя тууралуу Kyodо жана "Интерфакс" агенттиктери кабарлашты.

Кырсык жээктен 23 километр алыс жерде, Жапониянын суусунда болгонун буга чейин NHK телеканалы билдирген. Жапониялык чакан кайык менен деңиз азыктарын ташып бараткан орусиялык “Амур” соода кемеси сүзүшкөн.

Балыкчылардын кайыгы аңтарылган, орусиялыктар беш кишини алып чыкканда, үчөө жансыз болчу. Орусия тараптан эч ким жабыркаган жок.

Алдын ала маалыматтарга караганда, кырсыкка начар аба ырайы себеп болду. Азыр кемелердин кооптуу жакындашуусу тууралуу эскерткен жабдыктар текшерилмекчи.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG