Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:21

Ош: касапчылар этти акысыз текшерүүнү талап кылышты


Оштогу эт саткан күркө.
Оштогу эт саткан күркө.

Ош шаарындагы базарда эт саткан бир нече касапчы 26-майда лабораториянын этти акысыз текшерүүсүн талап кылып чыгышты.

Касапчылардын айтымында мамлекеттик лаборатория бир жылдан бери этти акчага кароодон өткөрүп калган.

"Лабораториядан уйларга 170 сомдон, койго 84 сомдон акча алып жатышат. Этти кымбат сатып атасыңар деп эл бизди жаман көрүп атат. Салыкты кымбаттаткан, эт Өзбекстанга чыгып ал да кымбат. Мурун лаборатория акысыз эле текшерчү да",-деди Тимур Сабиралиев.

Этти акысыз текшерип берүүнү талап кылган касапчылар.
Этти акысыз текшерип берүүнү талап кылган касапчылар.

Чогулгандар малдын, тоюттун баасы күн сайын өсүп жатканын, мындай кырдаалда эт багытында иш алып баргандарга жеңилдиктер болуусу керек экенин да билдириштидун.

Ош шаарынында уйдун этинини баасы — 460-470 сомдун тегерегинде ал эми кой эти 500 сомго чейин сатылууда. (DU)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG