Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:13

"Талибан” коңшуларын АКШнын базаларына уруксат бербөөгө чакырды


Ооганстандагы талибдер көзөмөлдөгөн аймактар. 21-май 2021-жыл
Ооганстандагы талибдер көзөмөлдөгөн аймактар. 21-май 2021-жыл

"Талибан” кыймылы кошуна өлкөлөрдү өз базаларын АКШнын пайдалануусуна бербөөгө чакырып, андай кадам жоопсуз калбай турганын эскертти.

Мунун алдында айрым маалымат каражаттары Пакистан Вашингтон менен бул жаатта макулдашууга жетишкенин кабарлашкан. Ага чейин Пентагон аскерлерин Ооганстандан чыгарып кеткенден кийин согушкерлерге каршы күрөшүү үчүн региондо жаңы база орнотууну көздөп жатат деген божомолдор жазылып келген.

Америкалык база жайгашышы мүмкүн деген өлкөлөрдүн арасында Тажикстан менен Өзбекстан да аталган.

Кошмо Штаттарынын контингентинин Ооганстандагы басма сөз катчысы Сонни Леггетт Вашингтон Пакистанда база түзүүнү көздөп жатат деген спекуляциялар “калп” деп билдирди.

25-майда Пакистандын Сенатына кайрылуусунда тышкы иштер министри Шах Махмуд Куреши Имран Хандын өкмөтү “Американын базасын өлкө аймагында жайгаштырууга эч качан уруксат бербейт” деп айтты.

“Талибан” шаршемби күнкү кайрылуусунда конкреттүү өлкөлөрдү атаган жок.

“Андай кадам дагы бир жолу жасала турган болсо, ал чоң тарыхый ката жана уят кадам болот. Биз андай чагымчыл жана жийиркеничтүү аракетти жоопсуз калтырбайбыз”, - деп эскертти согушкер топ.

АКШ баштаган НАТО аскерлерин 20 жылдан кийин ооган жергесинен чыгаруу Кабул өкмөтү коопсуздукту канчалык камсыздай алат деген кооптонууга жем таштады. Анын үстүнө акыркы апталарда талибдер улам бир районду өзүнө кайтарып алып келатат. Чет элдик контингент 11-сентябрга чейин чыгып кетүүгө тийиш.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG