Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:30

Дума Навальныйды колдогондорду бутага алган мыйзам долбоорун жактырды


Мамлекеттик дума. Москва, 19-май 2021-жыл
Мамлекеттик дума. Москва, 19-май 2021-жыл

Орусиянын Мамлекеттик думасы (парламенттин төмөнкү палатсы) өлкөдө экстремисттик деп таанылган уюмдарга кирген же аларды колдогон адамдарга шайлоодо ат салышууга бөгөт койгон мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды. Бул документ оппозиционер Алексей Навальныйдын тарапташтарына Думага өтүүгө мүмкүнчүлүк бербеши ыктымал.

Мыйзам долбоорун 294 депутат колдоп, 38 киши каршы добуш берди, 8 киши калыс калды.

Документтин күчүнө кириши үчүн аны Федерациялар кеңеши (жогорку палата) жактырууга тийиш. Андан соң президенттин кол коюсуна жөнөтүлөт. Буга чейин мыйзамды Думага шайлоо кампаниясы башталгыча, сентябрга чейин кабыл алуу каралганы айтылган.

Тыюу Думага гана эмес бардык шайлоолорго тиешелүү болмокчу. Кеп андай уюмдарды колдогондор тууралуу гана эмес, алардын айрым иш-чараларын жактырган, мисалы интернетте комментарий жазгандар жөнүндө да жүрүшү мүмкүн.

Тигил же бул адамдын экстремисттик деген уюмдарга тиешесин сот аныктамакчы. Ал эми уюмду түптөгөн же жетектеген адамдар соттун чечимисиз эле шайлоого катыштырылбайт.

Мыйзам долбоору Навальныйдын Коррупция менен күрөшүү фондун жана оппозиционердин штабдарын экстремисттик деп таануу документтери сотко түшкөндөн киийн сунуш кылынган.

Навальныйдын колдоочулары мыйзам аларды бутага алат деп эсептешет.

XS
SM
MD
LG