Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:58

Британиянын өкмөт башчысы "жашыруун" үйлөндү


Британиянын премьер-министри Борис Жонсон жана колуктусу Кэрри Саймондс. 7-март, 2020-жыл.
Британиянын премьер-министри Борис Жонсон жана колуктусу Кэрри Саймондс. 7-март, 2020-жыл.

Британиянын премьер-министри Борис Жонсон колуктусу Кэрри Саймондсго Лондондо «жашыруун үлпөт» уюштуруп үйлөнгөнүн маалымат каражаттары 29-майда жазды.

Чакан иш-чара Вестминстер чиркөөсүндө өткөн.

Жонсондун кеңсеси бул маалыматты комментарийлөөдөн баш тартты. Би-Би-Си дүйнөлүк кызматы дагы бир нече басылмага таянып түгөйлөр баш кошконун жазды.

Маалыматтарга караганда, тойго отузга чукул конок чакырылган.

56 жаштагы Жонсон менен 33 жаштагы Саймондс Даунинг стритте 2019-жылдан бери чогуу жашайт. Ортолорунда бир жашар уулу бар. Алар баш кошо турганын февраль айынын башында жарыялашкан. Бул эколог Саймонддун биринчи, ал эми Жонсондун үчүнчү никеси.

Жонсонго чейин Британиянын өкмөт башчысы болуп турган маалда үйлөнгөн учур 200 жыл мурда катталган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG