Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:36

Бакай-Атада майыптыгы бар балдар үчүн атайын оюн аянтчасы ачылды


Бакай-Атадагы балдар аянтчасы.
Бакай-Атадагы балдар аянтчасы.

Талас облусунун Бакай-Ата айылындагы “Наристе” бала бакчасынын аймагында майыптыгы бар балдар үчүн атайын оюн аянтчасы курулду. Бүгүн 1-июнь – Балдардын эл аралык күнүнө карата аянтчанын ачылыш салтанаты болуп өттү.

Иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана майыптыгы бар отузга жакын бала ата-энеси менен келип катышты.

Аянтчаны куруу долбоору Бакай-Атанын жергиликтүү бийлигинин жана Kyrgyz Children’s Future (“Кыргызстандык балдардын келечеги”) кайрымдуулук фондунун демөөрчүлүк жардамы менен ишке ашты.

Бакай-Ата районунда майыптыгы бар 300дөн ашуун бала жашайт. Көп жылдар бою аларга “Наристе” бала бакчасынын жетекчилиги жана "Медио-Бакай-Ата" коомдук бирикмеси жардам көрсөтүп келишет.

Kyrgyz Children’s Future фонду балдар үйлөрүнө жана майыптыгы бар балдарга колдоо көрсөтүү менен алектенет. (KK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG