Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

Бишкекте республикалык айтыш өтөт


Республикалык айтыш - 2021.
Республикалык айтыш - 2021.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги "Айтыш" коомдук фонду менен биргилекте республикалык айтыш мелдешин өткөрөт.

Иш-чара СССРдин Эл артисти, төкмө акын Эстебес Турсуналиевдин 90 жылдыгына карата жана "Айтыш" коомдук фондунун 20 жылдыгына карата уюштурулууда. Бул тууралуу “Айтыш” коомдук фондунун тең төрагасы Асылбек Маратов “Азаттыкка” билдирди.

Төкмө акындарды тандоо туру 19-июнда саат 10:00дө КТРКнын залында өтөт.

Тандалып алынган акындардын айтышы 20-июнда саат 18:00дө Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында болот. Айтыштын байге фонду 1 000 000 сом. (MZh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG