Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:08

Орусияда "агент" деп табылган басылма ишин токтотот


Орусияда "чет элдик агенттиктердин" тизмесине кошулган VTimes басылмасы 12-июндан тарта жабыларын билдирди. Басылма 3-июнда тараткан билдирүүдө “оппозициячыл саясий маалымат каражаты” катары журналисттерин коркунучка кептөөнү каалабасын белгилеген.

“Биз басылманы бизнес катары түптөгөнбүз. "Чет элдик агент” деген жарлык тагуу VTimes басылмасынын бизнес-моделин бузду. Азыр реклама берүүчүлөр жана өнөктөштөрүбүз “чет элдик агент” менен кантип кызматташууну түшүнбөй жатышат. Биз аларды айыптай албайбыз”,-деп айтылат билдирүүдө.

VTimes– 2020-жылы түзүлгөн маалыматтык-аналитикалык сайт. Аны “Ведомости” гезитин бийликке жакын Иван Еремин сатып алгандан кийин бул басылмадан кеткен журналисттер негиздеген. Сайтты түзүүгө каражат келечектеги окурмандардан чогултулганы кабарланган.

Орусияда чет өлкөдөн каржыланат деген маалымат каражаттары “чет элдик агент” деген тизмеге киргизилет. Муну менен Москва көз карандысыз медианы көзөмөлгө алууга аракет кылып жатат деп сынга кабылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG