Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:40

Токиодогу Олимп оюндары өз мөөнөтүндө өтөт


Токиодогу жайкы Олимп оюндарын уюштуруу комитетинин президенти Сэйко Хашимото спорттук мелдеш белгиленген мөөнөттө өтөрүн билдирди. Буга чейин коронавирус пандемиясынан улам айрым чиновниктер жана медициналык эксперттер Олимпиада башка маалга жылдырылышы мүмкүн деп боолгологон.

Хашимото Nikkan Sports агенттигине даярдык план боюнча жүрүп жатканын билдирди. Дүйнөлүк мелдештер 23-июлдан 8-августка чейин өтөт. Анын жүрүшүндө бир катар чектөөлөр болот. Спортчулар улам-улам тест тапшырышы мүмкүн. Чет өлкөлүк көрөрмандарга мелдештерге келүүгө тыюу салынган. Ал эми жергиликтүү күйөрмандар стадиондорго кирүүгө уруксат берилеби же жокпу азырынча белгисиз.

Жапониядагы коомдук сурамжылоолор калктын көпчүлүгү Олимп оюндарын кийинкиге жылдырууну кааларын көрсөткөн.

Жапония учурда коронавирустун төртүнчү толкуну менен күрөшүүдө. Оюндарга 1,5 ай калганда Токио баштаган ондогон аймактарга чектөө киргизилген. Өлкөдө вируска каршы эмдөө жай жүрүп, калктын 3 пайызына гана вакцина сайылды.

Кыргызстандан Токио оюндарына 12 спортчу катышып, дүйнөлүк деңгээлдеги атаандаштары менен күн сынашмакчы

XS
SM
MD
LG