Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:08

Парламентте мэрия жетекчилигине сын айтылды


Айбек Осмонов
Айбек Осмонов

Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов Бишкек мэриясын жана шаардык кеңештин депутаттарын чабал иштеп жатканы үчүн сындады. Ал 3-июндагы жыйында башкалаада эки күндөн бери маршруттук кичи автобустар каттамга чыкпай жатканы тууралуу маселе көтөрдү.

"Мындай учурда шаардын тургундары аркылуу шайланган депутаттар күнү-түнү иштөөгө милдеттүү! Шаардыктар ушундай көйгөйлөр жаралганда силерден альтернативдүү жолдорду кароону үмүттөнүшөт", - деди Осмонов.

Жогорку Кеңештин отурумуна Бишкек мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов чакырылып, акыркы абал боюнча депутаттардын суроолоруна жооп берди. Маршруттук кичи автобустарга байланышкан кырдаалды кантип чечишти билбей жатканын айтты.

Бишкекте айдоочулар жол кирени 15 сомго көтөрүү талабы менен 2-июнда иш ташташкан. Алар 3-июнда да каттамга чыгышкан жок. Элди троллейбус жана автобустар тейлөөдө.

Бишкекте азыр маршруттук таксилердин жол акысы – 10 сом. Жүргүнчүлөргө 42 жеке компания кызмат көрсөтөт. Үч миңден ашуун кичи автобус эл ташыйт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG