Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:26

ОшМУда маркум профессор Каныбек Исаковду эскерип жатышат


Каныбек Исаков
Каныбек Исаков

Ош мамлекеттик университетинде Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер, Эл аралык Чыңгыз Айтматов академиясынын академиги, мамлекеттик жана коомдук ишмер, филология илимдеринин доктору, профессор Каныбек Исаковду эскерүү кечеси өтүүдө.

Ага белгилүү саясий жана коомдук ишмерлер, кесиптештери, шакирттери, үй-бүлөсү жана жакын санаалаштары катышууда.

Каныбек Исаковду эскерүү кечеси.
Каныбек Исаковду эскерүү кечеси.

Эскерүү кечесинде агартуу тармагында эмгек калтырган Каныбек Исаковдун бейнесине арналган документалдуу фильм көрсөтүлүп, видео-баяндамалар тартууланды.

Кечеге катышкан кесиптештери, шакирттери, жакын санаалаштары Каныбек Исаковдун агартуу тармагындагы эмгегин, уюштуруучук, жетекчилик жөндөмүн, устаттык даражасын жана адамдык сапаттарын эскеришти.

К. Исаковду эскерүү кечеси.
К. Исаковду эскерүү кечеси.

Коомдук ишмерди эскерүү иш-чарасынан кийин Кыргыз филологиясы жана журналистика жана Эл аралык медицина факультеттериндеги Каныбек Исаков атындагы кааналардын ачылыш аземи өтөт.

К. Исаковду эскерүү кечеси.
К. Исаковду эскерүү кечеси.

Каныбек Исаков 1969-жылы 4-июнда Ош обласуна караштуу Ноокат районунда туулган. 1987-жылы ОшМУга тапшырып, 1993-жылы артыкчылык диплому менен аяктаган.

Ал 2006-2011-жылдары Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун ректору болуп эмгектенген.

2011-2019-жылдары ОшМУну жетектеген. 2019-2020-жылдары билим берүү жана илим министри болгон.

Исаков 2020-жылдын 12-ноябрында коронавирустан каза тапкан. (MZh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG