Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:01

Адамдын өнүгүү индекси: Кыргызстандын көрсөткүчү начар


Бишкекте тартылган сүрөттөрдүн бири. Иллюстрация үчүн колдонулду.
Бишкекте тартылган сүрөттөрдүн бири. Иллюстрация үчүн колдонулду.

2020-жылга карата Адамдын өнүгүү индексинде Кыргызстан 189 мамлекеттин арасында 120-орунду ээледи. Бул - Борбор Азия чөлкөмүндөгү төмөн көрсөткүчтөрдүн бири. Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын адистери Улуттук статистика комитетинин маалыматтарынын негизинде аныктаган рейтинг 8-июнда расмий жарыяланат.

Уюмдун өкүлү Нурай Мамытованын айтымында, индекс жашоо узактыгы, билим берүү, медицина, гендердик теңчилик өңдүү аспектилердин негизинде чыгарылды.

Борбор Азиядагы мамлекеттердин арасында Казакстан - 51, Өзбекстан - 105, Түркмөнстан - 111, Тажикстан 125-орунда.

Алдыңкы саптагы беш мамлекет - Норвегия, Ирландия, Швейцария, Гонконг, Исландия.

Эң начар беш өлкө - Бурунди, Түштүк Судан, Чад, Борбордук Африка Республикасы, Нигер.

Адистердин тыянагына ылайык, Кыргызстанда адамдардын жашоо узактыгынын орточо курагы - 71 жашты түзөт.

Адамдын өнүгүү индекси тууралуу маекти бул жерден угуңуз

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG