Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:52
Кыргызстан - Монголия футбол командаларынын беттеши. 7-июнь, 2021-жыл. Осака, Жапония.
Кыргызстан - Монголия футбол командаларынын беттеши. 7-июнь, 2021-жыл. Осака, Жапония.

Крестинин: футболчулар түшүнүксүз жагдайда четтетилди

Бүгүн, 7-июнда Жапониянын Осака шаарында Кыргызстан менен Монголиянын футбол боюнча улуттук курама командалары футбол боюнча Дүйнө чемпионатына жана Азия кубогуна тандоо оюндарында беттешти. Оюн 0:1 эсебинде монгол футболчуларынын пайдасына аяктады.

Оюн 50 миң көрүүчүгө ылайыкталган “Нагаи” стадионунда өтүп жатат. Атаандаштар буга чейин бир жолу Дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын 2-раундунун 4-турунда (2019-жылдын 15-октябрында) Улан-Батор шаарында беттешкен. Ал оюнда кыргыз футболчулары 2:1 эсебинде жеңишке жеткен.

Футбол боюнча дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын экинчи айлампасы 2020-жылы жазында өтмөк. Коронавирус пандемиясынан улам оюндар белгисиз мөөнөткө жылдырылган.

1,5 жылдык тыныгуудан кийин жанданган беттештер борборлоштурулган тартипте өтүп, командалар мурдагыдай үйдө жана конокто эмес, бир аймакта ойноп, жолдомо үчүн ат салышат.

Кыргызстан бөлүнгөн F тайпасындагы оюндардын бардыгы тең Жапониянын Осака шаарында болот.

2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына жана 2023-жылы Кытайда өтчү Азия кубогуна тандоо оюндарынын алкагында Азия чөлкөмүнүн 40 командасы сегиз тайпага бөлүнүп ойноп жатат.

Мелдештер 2019-жылдын 5-сентябрында башталган. Тандоо мелдештеринин жыйынтыгында сегиз тайпанын жеңүүчүсү жана экинчи орунду ээлеген төрт мыкты команда акыркы тандоо оюндарына жолдомо алат.

Учурда F тайпасында 2-раунддагы турнирдик таблицада алты оюндан кийин 18 упай топтогон Жапония көч башында.

Алты оюнда 10 упай топтогон Тажикстан 2-катарда, беш оюндан кийин жети упай эсебинде бар Кыргызстан 3-орунда бара жатат.

Алты оюндан кийин Мьянма алты упайга ээ болсо, жети оюнда бир гана жолу жеңишке жеткен Монголияда үч упай бар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG