Бүгүн, 7-июнда Жапониянын Осака шаарында Кыргызстан менен Монголиянын футбол боюнча улуттук курама командалары футбол боюнча Дүйнө чемпионатына жана Азия кубогуна тандоо оюндарында беттешти. Оюн 0:1 эсебинде монгол футболчуларынын пайдасына аяктады.
Жапониянын Осака шаарында Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Монголияга 0:1 эсебинде жеңилди.
Беттештин жалгыз голун монголиялык фулболчу Мижиддорж Оюнбаатар киргизди.
Аталган оюн футбол боюнча 2022-жылдагы Дүйнө чемпионатына жана 2023-жылдагы Азия кубогуна тандоо оюндарынын 2-раундунун алкагында болду.
Коронавирустан улам Кыргызстандын дарбазачылары бул оюнга чыгарылган жок. Жапон өкмөтүнүн ооруга каршы саясатына ылайык, жалпы машыктыруучулар штабы, администрация, оюнчу Бекжан Сагынбаев, дарбазачылар Эржан Токотаев, Кутман Кадырбеков жана Валерий Кашуба коронавирус илдетине чалдыкты деп шектелгендердин тизмесине киргендиктен, кыргыз футболчулары дарбазачысыз оюн талаасына чыгууга мажбур болушту. Кыргызстандын футбол биримдиги бул тууралуу маалымат командага оюн башталарга эки саат калганда гана белгилүү болгонун маалымдады. Дарбазачы катары коргоочу Айзар Акматов ойноду.
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин оюндун жыйынтыгы тууралуу төмөнкүдөй пикирин билдирди:
"Бүгүнкү оюндарда жеңишке жетишкен Монголия жана Жапония командаларын куттуктайм. Топко көбүрөк ээлик кылып, оюндун дээрлик бардык бөлүгүндө чабуул жасадык. Тилекке каршы, айып аянтында жеткиликтүү агрессия көрсөтүлбөй калды. Ошондуктан жеңилдик",- деди Крестинин.
Ал ошондой эле коронавируска байланыштуу кырдаалды ачыктап берүүсүн өтүнгөн журналисттин суроосуна:
"Бардыгыбыз тапшырган тесттин жыйынтыгы таза болчу. Бирок беш кишини оюнга катыштырышкан жок. Аны силердин уюштуруучулар түшүндүрүп, сырын ачып беришсин. Мен кайдан билем? Бардыгынын тең тести терс чыкты. Бирок оюнга чейин үч дарбазачыны жана эки футболчуну четтетишти. Бул кандай?",- деп собол менен жооп берди.
Бул күнү Кыргызстан - Монголия беттешинен сырткары F тайпасында Жапония менен Тажикстандын курама командалары беттешип, 4:1 эсебинде талаа ээлери жеңишке жетти.
F тайпасында 2-раунддагы турнирдик таблицада жети оюндан кийин 21 упай топтогон Жапония көч башында. Жети оюнда 10 упай топтогон Тажикстан 2-катарда, алты оюндан кийин жети упай эсебинде бар Кыргызстан 3-орундан жылган жок.
Акыркы оюнда Кыргызстандын курама командасын жеңген Монголия алты упай топтоп, Мьянмага теңелди.
Футбол боюнча дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын экинчи айлампасы 2020-жылы жазында өтмөк. Коронавирус пандемиясынан улам оюндар белгисиз мөөнөткө жылдырылган. Бир жарым жылдык тыныгуудан кийин жанданган беттештер борборлоштурулган тартипте өтүп, командалар мурдагыдай үйдө жана конокто эмес, бир аймакта ойноп, жолдомо үчүн ат салышат.
Кыргызстан бөлүнгөн F тайпасындагы оюндардын бардыгы Жапониянын Осака шаарында болот. Кыргыз футболчулары 11-июнда Мьянма, 15-июнда Жапония оюнчулары менен беттешет.
2022-жылы Катарда өтө турган Дүйнө чемпионатына жана 2023-жылы Кытайда өтчү Азия кубогуна тандоо оюндарынын алкагында Азия чөлкөмүнүн 40 командасы сегиз тайпага бөлүнүп ойноп жатат.
Мелдештер 2019-жылдын 5-сентябрында башталган. Тандоо мелдештеринин жыйынтыгында сегиз тайпанын жеңүүчүсү жана экинчи орунду ээлеген төрт мыкты команда акыркы тандоо оюндарына жолдомо алышат.
Футбол: "Ак шумкарлар" жеңилди
1/13Кыргызстан курама командасынын оюнчусу Алимардон Шукуров оюн учурунда. Алимордон 19 жашта. Ал курамадагы жаш оюнчулардын бири.
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Монголияга 0:1 эсебинде жеңилди. Ушуну менен "Ак шумкарлар" Дүйнө чемпионатына жана Азия кубогуна тандоо оюндарынын алкагында үчүнчү ирет утулду. Буга чейин Кыргызстан өз үйүндө Жапонияга жана Дүйшөмбү шаарында Тажикстанга жеңилип калган.
2/13Кыргызстан менен Монголиянын улуттук курама командалары футбол боюнча Дүйнө чемпионатына жана Азия кубогуна тандоо оюндарынын 2-айлампасында беттешти.
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Монголияга 0:1 эсебинде жеңилди. Ушуну менен "Ак шумкарлар" Дүйнө чемпионатына жана Азия кубогуна тандоо оюндарынын алкагында үчүнчү ирет утулду. Буга чейин Кыргызстан өз үйүндө Жапонияга жана Дүйшөмбү шаарында Тажикстанга жеңилип калган.
3/13Беттеш Кыргызстандын аймагында "КТРК Спорт", "Кыргыз Спорт ТВ" телеканалдарында жана Sportrecs интернет платформасында түз эфирде көрсөттү. Күйөрмандар үчүн Бишкектеги "VEFA" жана "ASIA MALL" соода борборлорунда фан-зоналар уюштурулган.
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Монголияга 0:1 эсебинде жеңилди. Ушуну менен "Ак шумкарлар" Дүйнө чемпионатына жана Азия кубогуна тандоо оюндарынын алкагында үчүнчү ирет утулду. Буга чейин Кыргызстан өз үйүндө Жапонияга жана Дүйшөмбү шаарында Тажикстанга жеңилип калган.
4/13Чабуулчу Мирлан Мурзаев. Ал бүгүнкү оюнга команданын капитаны катары чыкты. Ал эми Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын капитаны, коргоочу Валерий Кичин беттешке катыша алган жок. Себеби, ал 2019-жылы Бишкекте Тажикстан курама командасы менен болгон оюнда алган эки сары кагаздын айынан бир оюнга дисквалификация болгон.
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Монголияга 0:1 эсебинде жеңилди. Ушуну менен "Ак шумкарлар" Дүйнө чемпионатына жана Азия кубогуна тандоо оюндарынын алкагында үчүнчү ирет утулду. Буга чейин Кыргызстан өз үйүндө Жапонияга жана Дүйшөмбү шаарында Тажикстанга жеңилип калган.
5/13
Футбол боюнча Дүйнө чемпионатына жана Азия кубогуна тандоо оюндары 2019-жылы 5-сентябрда башталган. 2020-жылы пандемиядан улам оюндар токтотулуп, бир жарым жылдан кийин кайра жанданды.
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Монголияга 0:1 эсебинде жеңилди. Ушуну менен "Ак шумкарлар" Дүйнө чемпионатына жана Азия кубогуна тандоо оюндарынын алкагында үчүнчү ирет утулду. Буга чейин Кыргызстан өз үйүндө Жапонияга жана Дүйшөмбү шаарында Тажикстанга жеңилип калган.
6/13Жапон өкмөтүнүн коронавируска каршы саясатына ылайык, жалпы машыктыруучулар штабы, администрация, оюнчу Бекжан Сагынбаев, дарбазачылар Эржан Токотаев, Кутман Кадырбеков жана Валерий Кашуба "вируска чалдыкты" деп шектелгендердин тизмесине киргендиктен, кыргыз футболчулары дарбазачысыз оюн талаасына чыгууга мажбур болгон.
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Монголияга 0:1 эсебинде жеңилди. Ушуну менен "Ак шумкарлар" Дүйнө чемпионатына жана Азия кубогуна тандоо оюндарынын алкагында үчүнчү ирет утулду. Буга чейин Кыргызстан өз үйүндө Жапонияга жана Дүйшөмбү шаарында Тажикстанга жеңилип калган.
7/13Дарбазачылар оюнга чыкпай калганына байланыштуу буга чейин коргоочу позициясында ойноп жүргөн футболчу Айзар Акматов дарбазаны кайтарды.
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Монголияга 0:1 эсебинде жеңилди. Ушуну менен "Ак шумкарлар" Дүйнө чемпионатына жана Азия кубогуна тандоо оюндарынын алкагында үчүнчү ирет утулду. Буга чейин Кыргызстан өз үйүндө Жапонияга жана Дүйшөмбү шаарында Тажикстанга жеңилип калган.
8/13Беттештин 33-мүнөтүндө монгол футболчуларынын пайдасына эсеп ачылды.
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Монголияга 0:1 эсебинде жеңилди. Ушуну менен "Ак шумкарлар" Дүйнө чемпионатына жана Азия кубогуна тандоо оюндарынын алкагында үчүнчү ирет утулду. Буга чейин Кыргызстан өз үйүндө Жапонияга жана Дүйшөмбү шаарында Тажикстанга жеңилип калган.
9/13Оюн кыргыз футболчуларынын күйөрмандарын санаага салды.
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Монголияга 0:1 эсебинде жеңилди. Ушуну менен "Ак шумкарлар" Дүйнө чемпионатына жана Азия кубогуна тандоо оюндарынын алкагында үчүнчү ирет утулду. Буга чейин Кыргызстан өз үйүндө Жапонияга жана Дүйшөмбү шаарында Тажикстанга жеңилип калган.
10/13Падемиядан улам 1,5 жылдык тыныгуудан кийин жанданган беттештер борборлоштурулган тартипте өтүп, командалар мурдагыдай үйдө жана конокто эмес, бир аймакта ойноп, жолдомо үчүн ат салышат.
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Монголияга 0:1 эсебинде жеңилди. Ушуну менен "Ак шумкарлар" Дүйнө чемпионатына жана Азия кубогуна тандоо оюндарынын алкагында үчүнчү ирет утулду. Буга чейин Кыргызстан өз үйүндө Жапонияга жана Дүйшөмбү шаарында Тажикстанга жеңилип калган.
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Монголияга 0:1 эсебинде жеңилди. Ушуну менен "Ак шумкарлар" Дүйнө чемпионатына жана Азия кубогуна тандоо оюндарынын алкагында үчүнчү ирет утулду. Буга чейин Кыргызстан өз үйүндө Жапонияга жана Дүйшөмбү шаарында Тажикстанга жеңилип калган.
12/13F тайпасында 2-раунддагы турнирдик таблицада алты оюндан кийин 18 упай топтогон Жапония көч башында. Алты оюнда 10 упай топтогон Тажикстан 2-катарда, алты оюндан кийин жети упай эсебинде бар Кыргызстан 3-орундан жылган жок.
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Монголияга 0:1 эсебинде жеңилди. Ушуну менен "Ак шумкарлар" Дүйнө чемпионатына жана Азия кубогуна тандоо оюндарынын алкагында үчүнчү ирет утулду. Буга чейин Кыргызстан өз үйүндө Жапонияга жана Дүйшөмбү шаарында Тажикстанга жеңилип калган.
13/13Буга чейин Кыргызстан менен Монголия футбол курамалары бир жолу Дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын 2-раундунун 4-турунда (2019-жылдын 15-октябрында) Улан-Батор шаарында беттешкен. Ал оюнда кыргыз футболчулары 2:1 эсебинде жеңишке жеткен.