Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июль, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 14:20

Украиналык футболчулардын жаңы формасы талкуу жаратты


Украианын футбол боюнча улуттук курама командасынын жаңы формасын жарыялады. Өлкөнүн Футбол федерациясынын президенти Андрей Павелко футболчулар бул жолу өзгөчө форма кийерин билдирди.

Ал жарыялаган сүрөттө көк-сары формасында Украинанын картасы түшүрүлгөн. Анда Орусия аннексиялап алган Крым аралы, орусиячыл жикчилдер көзөмөлдөп турган Донецк жана Луганск облустары көрсөтүлгөн. Ошондой эле Украинанын эгемендигинин урааны болгон “Украинага даңк! Баатырларга даңк” деген сөздөр жазылган.

Украиналык футболчулар бул форманы кийип Европанын чемпионатына катышат. Мелдеш Европанын 11 шаарында 11-июндан 11-июлга чейин өтөт.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова социалдык тармактагы баракчасына “украин футболчулары Украинанын аймагын Орусиянын Крымына кошуп салышыптыр” деген билдирүү жазды.

Орусия Украинанын Крым жарым аралын 2014-жылы жазында күчтөп өзүнө каратып алган. Эл аралык коомчулуктун көпчүлүк бөлүгү Крымды азыр деле Украинанын аймагы экенин эскертип, Батыш өлкөлөрү Москвага санкцияларды киргизген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG