Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:14

Гаага соту кыйраган малайзиялык учак ишин карап жатат


Нидерланддардын соту 7-июнда Украинанын чыгышында атып түшүрүлгөн MH17 каттамындагы малайзиялык учакка байланыштуу ишти карап жатат. Бул иштин алкагында Орусиянын үч, Украинанын бир жаранына айып коюлган. Алар Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын запастагы полковниги Игорь Гиркин (Стрелков), Башкы Чалгын кызматынын офицери Сергей Дубинский, Аскер-аба күчтөрүнүн запастагы подполковниги Олег Пулатов. Төртүнчү айыпталуучу болсо Украинанын жараны Леонид Харченко.

Соттук процесс иш жүзүндө былтыр жазында башталган. Нидерланддар башында турган Эл аралык тергөө тобу жүргүнчү учак Орусия колдогон жикчилдер көзөмөлдөгөн аймактан, Курск бригадасына караштуу "Бук" зениттик-ракеталык комплекси менен атылып түшүрүлгөн деген жыйынтык чыгарган.

Малайзиянын Амстердам - Куала-Лумпур каттамындагы учагы 2014-жылдын 17-июлунда Донецк облусунун үстүндө атып түшүрүлгөндө анын бортундагы 298 адамдын баары мерт болгон.

Учак Амстердамдан учуп чыгып, ичиндеги 196 жүргүнчү голландиялыктар болгон үчүн сот Нидерланддарда өтүп жатат. Бул өлкөнүн өкмөтү кыйраган учак үчүн жоопкерчиликти Москвага жүктөгөн. Бирок Орусия аны четке кагып келүүдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG