Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:27

Мирзиёевдин эс алуу жайынын жаңы сүрөттөрү жарыяланды


Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев үчүн курулган Шоввозсой эс алуу жайынын жаңы видео тасмасы жарыяланды. Аны жергиликтүү блогер Алексей Гаршин тартып алган.

Интернетке жарыяланган тасмада тоолуу аймактагы президенттин резиденциясын, аны курчаган бак-даракты жан суу сактагычты көрүүгө болот. Буга чейин коомчулукка белгисиз бул жайдын сүрөттөрү, видеолору чыга элек болчу.

Быйыл февралда “Азаттыктын” өзбек кызматы Мирзиёев үчүн курулган хансарай жөнүндө журналисттик иликтөө жарыялаган. Анда Ташкенттен 100 чакырым алыс Угам-Чаткал улуттук паркынын аймагында жайгашкан ажайып жердеги ак сарай тууралуу маалымат берилген.

Кийинчерээк Мирзиёев Шоввозсой эс алуу жайы боюнча комментарий берип, эс алуу жайы мамлекеттин карамагында экенин билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG