Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:29

АКШ Альцгеймер оорусуна каршы алгачкы дарыны каттады


Алцгеймер оорусуна каршы алгачкы дары.
Алцгеймер оорусуна каршы алгачкы дары.

АКШнын Азык-түлүк жана дары-дармектердин сапатын көзөмөлдөгөн агенттик 20 жылдан бери алгачкы жолу Альцгеймер оорусуна каршы препаратты жактырды. Biogen компаниясы иштеп чыккан дары Aduhelm деген коммерциялык аталыш менен сатылмакчы.

Маалыматтарга караганда, препарат оорунун белгилерине эмес, анын себептерине таасир этет. Альцгеймер карылардын деменциясынын (алжып калуу) эң жайылган түрү. Ага кабылган адамдын эс тутуму, ой жүгүртүүсү жана башкалар менен мамиле куруу жөндөмү жабыркайт.

Дүйнөдө 30 миллиондон көп киши, көбү 65 жаштан ашкандар бул дартка кабылган. Сөз болгон препаратты Альцгеймердин баштапкы стадияларында, так диагноз аныкталгандан кийин гана пайдаланса болот.

Айрым дарыгерлер дары даба боло албаса да, анын катталышы илдетти изилдөөгө түрткү берерин айтышат.

XS
SM
MD
LG