Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:14

Президент Жапаров Түркияга расмий сапар менен жөнөп кетти


Cадыр Жапаров жана Режеп Тайып Эрдоган. фотоколлаж.
Cадыр Жапаров жана Режеп Тайып Эрдоган. фотоколлаж.

Президент Садыр Жапаров Түркияда расмий иш сапары менен 9-11-июнь күндөрү болот. Анын алкагында Жапаров түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугат.

Эки өлкөнүн лидерлери эки жана көп тараптуу кызматташууну, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин (ТМКК) алкагында өз ара байланыштын актуалдуу маселелерин талкуулашат.

Ошондой эле эки мамлекеттин Стратегиялык кызматташуунун жогорку кеңешинин V жыйыны президенттердин катышуусунда өтөт.

Андан сырткары Жапаров Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Мустафа Шентоп менен жолугушат, бизнес-форумга да катышат.

Жапаров Түркиянын борбору Анкара шаарында иштеп жүргөн Кыргызстандын жарандары, студенттери жана диаспоралардын, коомдук бирикмелердин жана уюмдардын өкүлдөрү менен кездешет.

Делегациясынын курамында: президентинин жубайы Айгүл Жапарова, тышкы иштер министри Руслан Казакбаев, резиденттин администрациясынын жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары — экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров, президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дюшекеев, Кыргызстандын Түркиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Кубанычбек Өмүралиев, инвестициялар министри Алмамбет Шыкмаматов, саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев, коргоо министринин орун басары Алмазбек Карасартов, айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун басары Азамат Мукашев бар. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG