Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Самат Курманкуловго милициянын генерал-майору наамы ыйгарылды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
9-июнда Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов жана ички иштер министри Улан Ниязбеков Курманкуловдун үй-бүлөсү менен жолугушуп, ага милициянын генерал-майору наамы берилген.
Президент Садыр Жапаров тиешелүү жарлыкка 5-майда кол койгон.
Самат Курманкулов 2019-жылы 7-8-августунда Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурунда башынан оор жараат алган. Ал Москвадан дарыланган, учурда абалы жакшырып калганы маалымдалган. (МТа)
Facebook шеринеси