Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:10

Данияр Нарымбаев менен Алмазбек Баатырбеков УКМКда сурак берүүдө


Коллаж. Алмазбек Баатырбеков жана Данияр Нарымбаев.
Коллаж. Алмазбек Баатырбеков жана Данияр Нарымбаев.

"Кумтөр" иши боюнча президенттин аппаратынын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев менен мурдагы депутат Алмазбек Баатырбеков Улуттук коопсуздук комитетинде сурак берип жатышат. Маалыматты атайын кызматтан ырасташты.

Нарымбаев 2012-2015-жылдары мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин аппаратын жетектеген.

Алмазбек Батырбеков Жогорку Кеңештин эки чакырылышынын депутаты. 2010-2012-жылдары Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин, 2013-2015-жылдары Коргоо жана коопсуздук боюнча комитетин жетектеген. 2020-жылы биринчи вице-премьер-министр болуп иштеген.

"Кумтөр иши" боюнча парламент депутаттары Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров, мурдагы депутаттар Исхак Пирматов, Талант Узакбаев жана экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов камалган. Бешөөнө тең Жазык кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүмү, тагыраагы “Коррупция” менен айып тагылды.

УКМК камалган саясатчылардын баары Кумтөр кенин иштетүүгө байланышкан жемкорлук аракеттерине шек саналып жатканын расмий кабарлады. Бирок мекеме кайсы жылда болгон аракеттер, кайсы фактылар экенин айта элек.

Камактагы депутаттар Асылбек Жээнбеков менен Исхак Пирматовдун алар саясатчылар 2012-жылы парламентти жана тармактык комитетти жетектеп турганда ошол кездеги депутат Садыр Жапаровдун Кумтөрдү улутташтыруу тууралуу токтом долбоорун колдобой койгону үчүн камалганын айтышкан.

“Кумтөр ишине” байланыштуу мурдагы өкмөт башчылар Игорь Чудинов, Темир Сариев, депутат Рыскелди Момбеков, мурдагы депутат Максат Сабиров жана башкалар да күбө катары көрсөтмө берип чыгышкан. Тергөөнүн купуялуулугу деп, сурактын чоо-жайын ачык айтыша элек. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG