Кырызгидрометеорология агенттигинин 11-июнга карата аба ырайы тууралуу маалыматы:
Дээрлик бардык облустардын айрым жерлеринде, тоолордо өткүн өтөт.
Абанын температурасы:
Нарын облусунда түнкүсүн 6...11, күндүз 18...23,
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн 8...13, күндүз 19...24,
Талас дубанында түнкүсүн 11...16, күндүз 26...31,
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 14...19, күндүз 28...33,
Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 16...21, күндүз 29...34,
Бийик тоолордо түнкүсүн -1...-6, күндүз 6...11°.
Бишкек шаарында өткүн өтөт. Түнкүсүн 16...18, күндүз 29...31°.