Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:34

Өзгөн шаарынын мэри болуп Нодирбек Каримов шайланды


Nodirbek Karimov
Nodirbek Karimov

Өзгөн шаарынын мэри болуп Жогорку Кеңештин депутаты Нодирбек Каримов шайланды. Добуш берүүдө аны Өзгөн шаардык кеңешиндеги 31 депутаттын 17си колдоду. Бул тууралуу шаардык кеңештин төрагасы Арсланбек Хасанов "Азаттыкка" билдирди.

Мэрлик кызматка жалпы үч талапкер ат салышып, Нодирбек Каримов 17, Азамжан Жалилов 14 добуш алган. Ал эми 3-талапкер катары катталган Өзгөн шаарынын мурдагы мэри Мухтаржан Халматов шайлоого катышуудан баш тарткан.

Нодирбек Каримов 2013-2015-жылдары Өзгөн шаарынын мэри болуп иштеп кеткен. Ал 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо КСДП партиясынан Жогорку Кеңешке депутат болгон.

Өзгөн шаардык кеңеши НДПК, "Аманат", "Ата-Журт Кыргызстан", "Нур", "Өнүгүү-Прогресс" партияларынан турат. Көпчүлүк коалиция НДПК менен Аманат саясий партияларынан куралган. Өзгөн шаарында жалпы 67 миңге жакын калк жашайт. (MrA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG