Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:44

14-июндун аба ырайы


Кыргызстан.
Кыргызстан.

14-июнда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жана Чүй, Талас облустарында жаан-чачын жаабайт.

Күндүз Ош, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолорунда, Чүй облусунун тоолорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын жаабайт. Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 11...16, күндүз 25…30;

Талас жергесинде түнкүсүн 9...14, күндүз 24…29;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 15…20, күндүз 28…33;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 18…23;

Нарын облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 17…22;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -1…-6, күндүз 3…8 градус болот.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 11…13, күндүз 27…29 градус ысык болот.

Чолпон-Ата шаарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 8…10°, күндүз 18…20° градуска чейин жогорулайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG