Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:09

Крымдын бир катар аймагын суу каптады


Крым. Ялтадагы суу ташкыны. 18-июнь, 2021-жыл.
Крым. Ялтадагы суу ташкыны. 18-июнь, 2021-жыл.

Орусия аннексиялаган Крымда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам дарыялардын деңгээли көтөрүлүп, бир катар райондорду суу каптады.

Керч аймагынан кийин эле Ялтада суу ташкындады. Жумага караган түнү бир нече саатта эле жаан-чачындын бир айлык ченеми жаады. Анын кесепетинен Водопадная дарыясы ташкындады.

Чоң Ялтада жүргүнчүлөр жүргөн өтмөктөр, кээ бир көчөлөр жана көп кабаттуу үйлөрдү дагы суу каптаганы кабарланууда.

“Крымэнерго” электр тармактар ишканасынын чарбалык тилкесин дагы суу басып, шаарда жарыктын өчүп калуу коркунучу пайда болду.

Форос аймагындагы санаторияда электр энергиясы өчүп, насостук станция токтоп калды. Анын кесепетинен суу берүү үзгүлтүккө учурады.

Шаардын администрация башчысы Янина Павленко аймактагы тургундарды суу ташкыны маалында коопсуз жайларда болуп, зарылдык болбосо сыртка чыкпоого чакырды. Анын айтымында, көп батирлүү үйлөрдү суу ташкынынан сактоо боюнча атайын бригадалар түзүлүп, алар кум салынган каптардан тосмолорду орнотууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG