Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:54

Шайлоону утурлай биометрикалык маалыматтар чогултула баштады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине кайра шайлоо өткөрүүнүн алдында жарандардын биометрикалык маалыматтарын чогултуу өнөктүгү жанданды.

17-июндан 21-июнга чейин үч шаарда атайын техникалык жабдуулар салынган микроавтобустарда адистер жарандардын биометрикалык маалыматтарын кабыл алат. Ошол эле жерде жашаган жери боюнча каттоого турса жана паспортту алмаштырса болот. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы кабарлады.

Биометрикалык каттоо аркылуу шайлоочулардын тизмеси такталат.

Учурда Кыргызстанда шайлоочулардын тизмесинде 3 606 201 жаран кирген.

Бишкек, Ош, Токмок шаардык кеңештерине 11-апрелде өткөн шайлоонун жыйынтыгы добуш сатып алуу жана административдик ресурс чырынан улам жокко чыгарылган. Эмки шайлоо 11-июлга белгиленген. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG