Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:06

Алматы: Шинжаңдагы саясатка каршы чыккан активистти бошотууну талап кылышты


Байболат Кунболатуулун бошотууну талап кылгандар. Алматы. 24-июнь, 2021-жыл
Байболат Кунболатуулун бошотууну талап кылгандар. Алматы. 24-июнь, 2021-жыл

24-июнда Алматыда ондогон киши Медеу райондук ички иштер бөлүмүнө келип, активист Байболат Кунболатуулун бошотууну талап кылды. Ал апта башында Кытай консулдугу жанында «мыйзамсыз пикет уюштургандыгы» үчүн 15 күнгө камалган.

Пикетке чыккандар Шинжаңдагы жакындарын бошотууну, алардын Казакстандагы үй-бүлөлөрүнө кошулууга мүмкүнчүлүк берүүнү талап кылып келатышат.

Полиция имаратынын жанына келгендерге прокурор уруксат берилбеген жыйынга чогулушканы тууралуу эскертүү берди. Бирок эл тарап кеткен жок. Көп узабай президент Касым-Жомарт Токаевге кайрылууга кол топтой баштады.

Кытай дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн маңдайындагы акция дээрлик төрт айдан бери уланып келатат. Катышуучулардын айрымдары айып пулга жыгылган.

Бул аралыкта пикетчилерге консулдуктан бир да жолу эч ким чыккан жок.

Расмий Нур-Султан Бээжиндин Шинжаңдагы саясатын ачык сындоодон карманат. Ал жердеги лагерлерде кармалгандардын жакындарынын даттануулары «дипломатиялык каналдар» аркылуу каралып жатканын айтууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG