Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:57

Беларус ЕБ демилгесинен чыгып, өкүлүн чакыртып алды


Александр Лукашенко.
Александр Лукашенко.

Минск Евробиримдиктин «Чыгыш өнөктөштүгү» демилгесине катышуусун токтотуп, шаркеттеги туруктуу өкүлүн кеңешүү үчүн Беларуска чакыртып алды.

Бул чаралар Евробиримдиктин ага киргизген санкцияларына карата жооп катары белгиленди.

Мындан сырткары Беларус Евросоюз менен реадмиссия боюнча Макулдашуудан чыгуу процедурасын баштады.

Беларустун Тышкы иштер министрлиги Минскидеги Евробиримдиктин өкүлчүлүгүнүн башчысы Дирку Шубелге бул тууралуу кабар берилгени тууралуу маалымат таратты.

Беларустун Евробиримдиктеги туруктуу өкүлү Минскиге консультацияга чакыртылып, өлкөдөгү Евробиримдиктин өкүлүнө кеңешүү үчүн Брюсселге чыгып кетүү жагы сунушталды. Анда ага Беларус басымды жана санкцияларды кабыл албай турганын Еврошаркет жетекчилигине жеткирип баруу талабы коюлганы тууралуу айтылды.

«Жооп иретинде, чектөө чараларын киргизүүгө өбөлгө түзгөн Евробиримдиктин түзүмдөрүнүн жана андагы өлкөлөрдүн өкүлдөрүнө Беларуска кирүүгө тыюу салынат», - деп жазылган Беларустун Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө.

Евробиримдик Беларустан 78 адамды жана сегиз мекеме-уюмду санкциялык тизмеге киргизген. Ага мыйзам чыгаруучулар, прокурорлор, соттор жана башка кызмат адамдары кирген.

Евробиримдик 10-июнда кабыл алган токтомдо Беларустун экспортуна тыюу салып, токой жана болот өнөр-жайына, мунай менен калийге экономикалык санкция киргизилген.

Европалык мыйзам чыгаруучулар бул санкциялар андагы мамлекеттик банктар менен кызматташууну токтотуп, Беларуска SWIFT эл аралык банк системасына кошулууга тыюу сала турганын да айтышкан.

Буга чейин Евробиримдик жети беларус компаниясына жана 2020-жылдагы президенттик шайлоодогу жеңиши чоң күмөн жараткан Александр Лукашенко баш болгон 88 адамга карата санкция киргизген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG