Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:03

Чүй суу чарба башкармалыгынын жетекчиси иштен алынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чүйдөгү мамлекеттик суу чарба башкармалыгынын жетекчиси Руслан Девяткулов кызматынан алынды.

Мунун алдында Министрлер кабинети аталган облуста айрым суу постторунда коюлган чектөөдөн ашып кеткен бир топ факты аныкталганын билдирген. Мындан улам коррупциялык тобокелдиктердин жана кызыкчылыктардын кагылышуусунун алдын алуу чараларын көрүү маселеси көтөрүлгөн.

Анда Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине Чүйдөгү суу чарба башкармалыгынын жетекчисин кызматынан бошотууга чейинки жоопкерчилигин кароо жана облустагы бардык райондук суу чарба башкармалыктарынын башчыларын ротация кылуу тапшырылган.

Ушул маалда Чүйдө сугат суу жетишпей, дыйкандар эмгеги текке кеткенин айтып жатышат. Алар суу бөлүштүрүүдө башаламандык болуп, жергиликтүү бийлик кырдаалды көзөмөлдөбөй жатканына арызданып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG