Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:43

Чехияда беларус оппозициясынын өкүлчүлүгү ачылат


Беларус оппозициясынын лидери Светлана Тихановская Чехиянын премьер-министри Андрей Бабиш менен жолугушуу учурунда
Беларус оппозициясынын лидери Светлана Тихановская Чехиянын премьер-министри Андрей Бабиш менен жолугушуу учурунда

Чехия беларус оппозициясынын өкүлчүлүгүн ачууга макулдук берди. Бул тууралуу беларус оппозициясынын лидери Светлана Тихановскаянын Прагага сапарынан бир нече күн өткөн соң Чехиянын тышкы иштер министри Якуб Кулганек "Твиттердеги" баракчасына жазды. Ал "Чехия беларус оппозициясын айныксыз түрдө колдоп келген жана колдойт", - деп жазды.

Буга чейин Александр Лукашенконун диктатуралык режими менен күрөшүп жаткан оппозициянын өкүлчүлүгү Литва жана Польшада ачылган эле.

Беларуста былтыр август айындагы талаштуу президенттик шайлоодон бери саясий кризис уланып жатат. Демократиячыл күчтөр нааразылык акцияларды уюштуруп, бийлик аларга каршы басымды күчөткөн. Он миңдеген адам кармалып, Светлана Тихановская баштаган оппозициячыл саясатчылар, активисттер өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болду.

АКШ, Европанын бир катар өлкөлөрү былтыркы шайлоонун жыйынтыгын жана Александр Лукашенкону мыйзамдуу лидер катары таануудан баш тарткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG