Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:52

ЕАЭБден келген кумшекер, малга кошумча нарк салыгы алынбайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекекеттик салык кызматы 1-июлдан 31-августка чейин Евразиялык экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдөн импорттолгон кумшекерге, ал эми 1-июлдан тартып 31-декабрга чейин жылкыларга, бодо малга, кой-эчкиге, чочкого жана үй канаттууларына кошумча нарк салыгы алынбай турганын билдирди.

Мекеме мындай чечим азык-түлүктүн баасын турукташтыруу жана чарбалык субъекттерге колдоо көрсөтүү максатында кабыл алынганын маалымдады.

Өткөн аптада Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Кыргызстанга шекер, өсүмдүк майы жана эт алып кирүүдө кошумча нарк салыгынан убактылуу бошотуларын билдирген. Марипов анда бюджетке 200 млн. сомдой түшпөй каларын, бирок бул чечим азык-түлүк коопсуздугун камсыздоодо оң натыйжа берерин айткан.

Быйыл Кыргызстан жана коңшу өлкөлөрдө кургакчылык байкалууда. Айрым эксперттер азык-түлүк маселеси курчушу мүмкүн деп эскертүүдө. Акыркы айларда Кыргызстанда азык-түлүктүн баасы кескин өсүп кетти.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG