Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:11

Кытай Коммунисттик партиянын 100 жылдыгын белгилеп жатат


Кытай
Кытай

Кытай бийликтеги Коммунисттик партиянын 100 жылдыгын белгилеп жатат. Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин 1-июлда жасаган кайрылуусунда Коммунисттик партиянын ийгиликтерин тизмектеп, өлкөнүн ички ишине кийлигишкиси келгендерге татыктуу жооп берерин эскертти.

Си Цзиньпин Тяньаньмэн аянтында Коммунисттик партиянын миңдеген тарапкерлеринин алдындагы кайрылуусунда армиянын кубаттуулугун артырарын, Тайванды Кытайдын аймагы деп кайталады.

Тайван 1949-жылдагы жарандык согушта Коммунисттер жеңип чыккандан кийин Кытайдан бөлүнүп алган. Кытай Тайванды өз аймагы деп атап, бул арал эгемендигин жарыяласа күч колдоноорун эскертип келет.

Бир саатка созулган кайрылуусунда Си Цзиньпин “Кытайдын ийгилиги Коммунисттик партиядан көз каранды” деп атады.

Бул иш-чара Кытайдын Шинжаңдагы саясатынан улам Батыштын сынына кабылып, мамилеси начарлап турган учурга туш келди.

Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районунда уйгур, казак жана кыргыздар сыяктуу мусулман жамааттарынын жүз миңдеген өкүлдөрү "саясий тарбия берүүчү лагерлер" аттыккан жайларга негизсиз камалып жатканы бир нече жылдан бери кабарланып келет.

Буга чейин АКШнын өкмөтү, Британия, Бельгия, Нидерланддар, Канаданын парламенттери Кытайдын аракеттерин геноцид деп таанып, санкцияларды киргизген.

Бирок Бээжин Шинжаңдын тургундары диний же саясий көз карашы үчүн куугунтукталып жатканын четке кагып, алар кармалган лагерлерди кесипке үйрөтүүчү борборлор катары мүнөздөп келатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG