Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:30

Алматы: Кытай консулдугунун алдына акцияга чыккан активисттер кармалды


Байболат Күнболатулы
Байболат Күнболатулы

Кытайдын Алматыдагы консулдугунун алдында акцияга катышкандарды полиция кармап кетти. 1-июлда эртең менен полиция активист Байболат Күнболатулы жана анын энеси Зауатхан Турсынды үйүнөн кармап кеткен. Бул тууралуу Күнболатулынын жубайы журналисттерге кабарлаган. Мындан сырткары Кытай консулдугунун алдында акцияларга катышып жүргөн дагы башка активисттердин кармалганы кабарланууда. Алардын жакындары Кытай Коммунисттик партиянын 100 жылдыгын белгилеп жатканда казак бийлиги консулдук алдындагы акцияны болтурбоо үчүн ушундай кадамга барды деп болжолдоп жатышат.

Шинжаңдагы туугандары абакка түшүп, кабарсыз кеткендердин жакындары февралдан бери Кытайдын Алматыдагы консулдугунун алдында пикет өткөрүп келишет. 140 күнгө созулган акциялар маалында Кытай консулдугунун кызматкерлери бир да жолу чыгып, маалымат беришкен жок.

Акциянын катышуучуларын казак полициясы бир нече жолу кармап кеткен. Кытайда камактагы бир тууганын бошотууну талап кылган Байболат Күнболатулыны 22-июнда полиция кармап, 15 суткага камаган. Кийин Алматы соту анын камактагы мөөнөтүн кыскартып, 29-июнда бошотулган эле.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG