Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:46

Президентти жана парламент депутаттарын шайлоо мыйзамы кезексиз сессияда каралат


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Жогорку Кеңештин депутаттары президентти жана парламенттин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү долбоорун кезексиз сессияларда карап, кабыл алат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жогорку Кеңештин аппарат башчысы Алмазбек Сабырбеков билдирди. Ал кезексиз жыйын кайсы күндөру өтөрүн тактаган жок.

VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин сегизинчи сессиясы 30-июнда ишин аяктады. Жогорку Кеңештин регламентине ылайык, депутаттар 1-июлдан тарта шайлоочулар менен жеринде иш алып барышы керек. Август айында эмгек өргүүсүнө чыгышат.

Вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев парламент июль айында бир нече кезексиз жыйынга чогуларын 30-июнь күнкү отурумда билдирген. Парламент сентябрь айынын алгачкы жумушчу күнүндө кайрадан ишин баштайт.

Кеп болуп жаткан мыйзам долбоору 22-июнда парламенттин кароосуна келип түшкөн. Документти президенттин 23-марттагы буйругу менен түзүлгөн жумушчу-эксперттик топ жазып чыгып, автору катары мамлекет башчы Садыр Жапаров көрсөтүлгөн. Мыйзам долбоору президенттин сайтында коомдук талкууда турат.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Конституциялык мыйзамы 2011-жылы кабыл алынып, бир нече алымча-кошумчалар кирген. Ага ылайык, парламент 120 депутаттан турат жана партиялык система менен шайланат.

Быйыл 11-апрелде кабыл алынган Баш мыйзамда депутаттардын саны 90го түшкөн. Конституциялык мыйзамга ушул жагдай өзгөртүлүшү керек жана кайсы система менен шайланары көрсөтүлүшү зарыл. Президент сунуштаган долбоордо 35 депутатты бир мандаттуу шайлоо округдарында мажоритардык тутум (бир мандаттуу) боюнча, калган 55 депутатты партиялык тизме менен пропорционалдык системага ылайык шайлоо каралган. Пропорционалдык тутум менен шайланчу 55 депутат саясий партиянын съездинде бекитилген тизмедеги талапкерлердин ичинен тандалат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG