Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:50

Ирандын сот системасынын башчысы дайындалды


Голамхосейн Мохсени-Эджеи
Голамхосейн Мохсени-Эджеи

Ирандын Жогорку лидери аятолла Али Хаменеи өлкөнүн сот системасынын башчысы кылып Голамхосейн Мохсени-Эджеини дайындады. Буга чейинки башкы сот Ибрагим Раиси 18-июндагы шайлоодо Ирандын президенти болуп шайланган. 64 жаштагы ашынган диниятчы Мохсени-Эджеи Раисинин орун басары болуп иштеп келген.

Аятолла Хаменеи жаңы башкы сотко акыйкат иш алып барып, коррупция менен күрөшүүгө чакырды. Ирандын мыйзамдарына ылайык, жогорку лидердин өлкөдө сот органынын башчыларын, аскер жетекчилерди дайындоого укугу бар.

Иранда 18-июндагы президенттик шайлоодо төрт талапкер ат салышып, Ибрагим Раиси жеңген. 60 жаштагы Раиси консерватор саясатчы катары белгилүү. Ал байистүү позицияны карманган Хасан Роуханиден президенттик ыйгарым укукту кийинки айда өткөрүп алат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG