Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:13

Айаал Лазаревге Олимп оюндарына жолдомо тийди


Айаал Лазарев.
Айаал Лазарев.

Бул тууралуу Кыргызстандын күрөш федерациясы маалымдады. Ага ылайык, Болгарияда былтыркы таймашта спортчунун атаандашы, индиялык балбан Сумит Малик кызытма колдонгону аныкталып, анын жолдомосу Лазаревге берилди.

Эркин күрөш беттешинде кыргызстандык балбан Сумит Маликке биринчи айлампада жеңилип калган жана коло байге алган.

Ушуну менен Токиодогу жайкы Олимп оюндарына жолдомо алган кыргызстандык спортчулардын саны 17ге жетти. Эл аралык беттешке Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет Кызы, Мээрим Жуманазарова, Атабек Азисбеков, Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Узур Жузупбеков, Эрназар Акматалиев, Владимир Золоев, Дарья Маслова, Юлия Андреева, Мария Коробицкая, Роман Петров, Бакдөлөт Расылбеков, Каныкей Кубанычбекова жана Денис Петрашов барат.

Олимпиада 23-июлдан 8-августка чейин өтөт. Мелдештер былтыр коронавирус пандемиясынын айынан бир жылга жылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG