Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:34

Карышкыр, чөө аткандарга сый акы көбөйөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Бейшеналы Нурдинов “Парламент” радиосуна курган маегинде билдирди. Анын айтымында, Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги токтом долбоорун Министрлер кабинетине жөнөттү.

“Азыр карышкыр атып алгандарга алты миң, чөөнү жок кылгандарга эки миң сом сый акы берилет. Азыр ушул сумманы жогорулатуу талабы коюлууда. Токтом долбооруна ылайык, карышкыр аткандарга каралган сый акы 10 миң, чөөлөргө беш миң, бөлтүрүктөргө 2,5 миң сом төлөнөт. Терилери мергенчилерде калат”.

Расмий маалыматка ылайык, былтыр карышкырдын мал-келге зыяны 28 миллион сомду түзгөн.

Кыргызстанда 2020-жылы 380ден ашык карышкыр, 20дай бөлтүрүк, эки миңге чукул чөө атылган. Мергенчилерге беш миллион сомдон ашык сый акы төлөнгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG