Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:52

Ош АШКсына добуш сатып алуу тууралуу арыз түшө элек


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош аймактык шайлоо комиссиясынын (АШК) төрагасы Урмат Аттокуров “Биздин Кыргызстан” партиясын добуш сатып алууга айыптаган арыз түшө электигин билдирди.

Анын маалымдашынча, үгүт өнөктүгүнө байланыштуу күнүгө 10 чакты кайрылуу түшүп жатат.

"Көрнөк-жарнактарга байланыштуу кайрылуулар келип жатат. Добуш сатып алуу, админресурс колдонуу тууралуу арыз түшө элек. Кээ бир арыздар такталбагандыктан кыскарды, айрымдары укук коргоо органдарына жөнөтүлөт. Бүгүн эле жети ишти милицияга жөнөтүп, дагы жети ишти комиссия карап атат".

Буга чейин айрым маалымат каражаттары Ош милициясы "Биздин Кыргызстан" партиясын добуш сатып алууга айыптаган арызды териштирип жатканын жазган. Шаардык ички иштер башкармалыгы аны бышыктай элек.

Ушул жылдын 11-апрелинде Кыргызстандагы 28 шаардык, 420 айылдык кеңешке шайлоо өткөн. Мыйзам бузуу тууралуу арыздардан кийин Бишкек, Ош жана Токмок шаарларындагы добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылган. Үч шаарда кайра шайлоо 11-июлда өтөт. (DU)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG