Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Июль, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 15:41

Тихановскаянын кеңсеси Литвада дипломатиялык макам алды


Светлана Тихановская

Литванын тышкы иштер министри Габриэлюс Ландсбергис Вильнюс Светлана Тихановскаянын кеңсесин Беларус демократиясынын расмий өкүлчүлүгү катары тааный турганын жарыялады.

“Мындай жол менен Александр Лукашенконун режиминин мыйзамсыз экенин таануунун жаңы этабы башталды”, - деп Тихановскаянын кеңсеси билдирди.

Литва Беларус оппозициясын расмий тааныган Евробиримдиктин алгачкы мүчөсү. Учурда Тихановская жетектеген оппозициянын өкүлчүлүгүн ачуу боюнча башка өлкөлөр менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Буга чейин Польша жана Чехиянын бийлиги өкүлчүлүктөрдү ачууга макулдугун берген.

Беларуста былтыр август айындагы жыйынтыгы талаштуу президенттик шайлоодон бери саясий кризис уланып жатат. Демократиячыл күчтөр нааразылык акцияларды уюштуруп, бийлик аларга каршы басымды күчөттү. Он миңдеген адам камалып, бир катар оппозициячыл саясатчылар, активисттер өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болушту. Соңку шайлоодо оппозициянын атынан Лукашенкого атаандаш болуп Светлана Тихановская чыккан. Анын күйөөсү, оппозициячыл активист Сергей Тихановский Беларуста абакта отурат. Тихановскаянын өзү шайлоодон соң Литвага чыгып кеткен.

АКШ, Европанын бир катар өлкөлөрү былтыркы шайлоонун жыйынтыгын жана Александр Лукашенкону мыйзамдуу лидер катары таануудан баш тарткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG