Президент Садыр Жапаров 8-июлда өзүнө караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңеш түзүү тууралуу жарлыкка кол койду.
Мамлекет башчынын басма сөз кызматы тараткан маалыматта, мындай кеңеш түзүүнүн башкы максаты “мамлекеттин коррупцияга каршы саясатын жакшыртуу, бул багытта бийлик менен жарандык коомдун натыйжалуу диалогун камсыз кылуу" деп айтылат. Ошондой эле "бизнести өнүктүрүү, инвестициялык климатты жана ишкерлерди коргоп-колдоо жол-жоболорун жакшыртуу жана жагымдуу шарт түзүү болуп эсептелет”, деп жазылган.
Өткөн айда Садыр Жапаров Антикоррупциялык кызматты жойгон жана бул кадамды "паракорчулукту ооздуктоодогу чечкиндүү кадам, бизнести колдоо аракети" катары сыпаттаган.
Ал атайын кеңеш түзүп, кайрылган ишкерлердин арыз-муңун өзү көзөмөлгө аларын айткан.
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Коррупцияга каршы күрөш кызматы жоюлгандан кийин анын функциясы мекеменин Өзгөчө маанилүү иштер башкы башкармалыгына ( 6-башкы башкармалык) берилгенин билдирди.
Facebook шеринеси