Акыйкатчы Токон Мамытов бир канча күндөн бери Индиядан Кыргызстанга кайтып келе албай жаткан адамдарга байланыштуу Министрлер кабинетине кайрылды. Анда Дели-Ташкент аба каттамы токтогондон бери мекенине уча албай калган 50дөй жаранга кандай жардам берилери тууралуу маалымат сурады.
Буга чейин Индияга дарыланганы барып, карантин чараларына байланыштуу Кыргызстанга учуп келе албай калган адамдар бийликтен жардам сурап бир канча жолу кайрылышкан.
Министрлер кабинети бул маселе тууралуу расмий комментарий берген эмес.
Facebook шеринеси