Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы атышуууда мерт болгон кыргызстандык жоокердин сөөгү Тажикстан аркылуу жеткирилет. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы билдирди. Анда атышуу шарты катаал, жолу татаал тоолуу аймакта орун алгандыктан 27 жаштагы сержант Хуснидин Хажиев сөөгү коңшу өлкө аркылуу алынып келери, ал Кыргызстандын аймагында окко учканы белгиленген.
Чек ара кызматы Тажикстан дагы бир жоокерин кармап кеткенин билдирген. Учурда аны кайтарууга байланыштуу эки тараптуу сүйлөшүү уланып жатат. Учурда чек арадагы абал туруктуу.
Баткенге Башкы штабдын начальниги, Чек ара кызматынын жетекчисинин орун басары Курсанбек Бекташов жөнөп кетти.
Кыргыз тарап атышуу Лейлектеги Көк-Жайлоо (Чашмагильдан ашуусу) аймагында орун алганын билдирип, буга тажик чек арачыларын күнөөлөгөн. Тажикстандын улуттук "Ховар" маалымат агенттиги тажик чек арачыларына таянып, окуяга кыргызстандык чек арачылардын мыйзамсыз түрдө Тажикстан аймагына өтүү аракети негиз берген деп жазган.
Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында куралдуу кагылышуулар тез-тез катталып турат. Акыркы жолу быйыл 28-апрелден 1-майга чейин уланган куралдуу жаңжалда Кыргызстан тараптан 36 адам курман болгон, анын экөө бала. 180ден ашуун киши жаракат алган. Тажик тараптан 19 адам өлүп, 87 киши жарадар болгону расмий кабарланган.