Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:48

Кытайдын Sinopharm вакцинасы Ошко жеткирилди


Ошко келген вакцина райондорго таратылууда.
Ошко келген вакцина райондорго таратылууда.

12-июлда Кытайдын Sinopharm вакцинасы Ошко жеткирилип, эмдөөчү пункттарга таратылды.

Коронавируска каршы вакцинанын биринчи партиясы менен Ош облусуна 85 миң, Ош шаарына 50 миң доза жеткирилди. Жалпысынан облуска 175 миң, шаарга 110 миң доза бөлүнгөн.

Дарыгерлердин маалыматында, калкты тез арада эмдөө үчүн базарларда, ири дүкөндөрдө кошумча атайын эмдөөчү жайлар ачылат.

11-июлда Кыргызстанга Кытайдан 1,2 миллион доза Sinopharm вакцинасы келген. Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Кытайдан июль айынын аягына чейин дагы 1,2 миллион доза вакцина келерин кабарлады.

29-мартта башталган коронавируска каршы эмдөөдөн өлкө боюнча 130 миңге чукул киши өттү. (DU)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG