Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:57

Литва Беларустун аракетине каршы ЕБге кайрылды


Литва-Беларус чек арасы
Литва-Беларус чек арасы

Литва Евробиримдикке Беларустун жетекчилигине карата жаңы санкцияларды кабыл алууга чакырды. Вильнюс Беларустун жетекчилиги мыйзамсыз мигранттарды, алардын ичинде Ирактын жарандарын Литва аркылуу Евробиримдикке “атайлап жөнөтүп жатат” деп айыптоодо. Литванын жүйөсүндө, Беларус оппозициячыл журналист Роман Протасевичтин камакка алууга байланыштуу Евробиримдиктин санкцияларына жооп иретинде дал ушундай мыйзамсыз кадамдарга барып жатат.

Литва Александр Лукашенконун режимине каршы чара көрүүнү колдогон өлкөлөрдүн бири. Бул өлкө Беларустагы демократиячыл күчтөрдүн өкүлдөрүнө башпаанек берип келет. Өткөн апталарда Светлана Тихановская баштаган беларус оппозициясынын өкүлчүлүгүн ачып, ага расмий макам берген.

12-июлда Брюсселге келген Литванын тышкы иштер министри Габриэлиус Ландсбергис качкындар курал болбошу керектигин айтты: “Качкындарды саясий курал катары колдонушууда. Мен бул маселени кесиптештерим менен сүйлөшөм, биздин жалпы стратегиябыз болушу керек”.

Буга чейин Евробиримдиктин тышкы чек аралардын коопсуздугу боюнча агенттиги Литвага Беларус тараптан көп сандаган мыйзамсыз мигранттар келип жатканы үчүн тезинен жардам берерин жарыялады. Аталган агенттик Литвага кошумча кызматкерлер жана патрулдук машинелерди жөнөтүүнү убада кылды.

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG